Манас шаарындагы Аюб-Тоодо «Манас» стеласынын ачылышы болду. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.
Жаңы стеланын бийиктиги 8 метрди түзүп, демөөрчүлөр тарабынан каржыланды.
Жалал-Абад шаарынын аталышын Манас деп өзгөртүү демилгесин Жогорку кеңеш 10-сентябрда жактырып, өлкө башчы 17-сентябрда кол койгон жана мыйзам 27-сентябрда күчүнө кирген. Буга байланыштуу калаадагы “Жалал-Абад” деген стела «Манас» болуп өзгөртүлдү.