«Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун акционерлеринин жалпы жылдык жыйыны болуп, «Манас» аэропортунун башкармалыгынын төрагалыгына кайрадан Манасбек Самидинов шайланды.
Директорлор кеңеши компаниянын Башкармалыгынын мүчөлөрүн шайлап, ага Мирлан Кубаталиев, Адилет Малдыбаев, Алтынбек Мамбетов, Талгат Жапаров, Бакытбек Бекбача уулу жана Аман Маматов кирди.
Кошумчалай кетсек, Манасбек Самидинов “Манас” аэропортунун жетекчиси болуп 2022-жылы 7-июлда шайланган. 2023-жылдын 25-апрелинде экинчи мөөнөткө бекитилген.