• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Манаска» келген Бегалиев Камчы Көлбаевдин кудасыбы?

4 Бештин айы 2018 12:01 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 04.12.2018.Govori.TV.
«Манас» аэропортунун башкармалык төрагасы милдетин аткаруучу болуп Мирлан Бегалиев дайындалды. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, аэропорттун Директорлор кеңеши 3-декабрда кезексиз жыйынга чогулуп, Эмир Чукуевди өз арызынын негизинде кызматтан бошоткон.
Мирлан Бегалиев «Манас» аэропортунун Бишкек филиалынын башчысы болуп иштеп келген.
Ошону менен бирге, Мирлан Бегалиев белгилүү крим-авторитет Камчы Кольбаевдин кудасы болушу мүмкүн деген маалымат агенттикке түшту. Маалыматка ылайык, Көлбаевдин кызы Бегалиевдин уулуна турмушка чыккан, а түгүл улпөт той “Фрунзе” ресторанында өткөнү кабарланууда.
Бирок бул маалыматты ырасташ үчүн аэропорттун басма сөз кызматына кайрылып, тилекке каршы жооп ала алган жокпуз.
Дагы бир айта кетүүчү жагдай, 24.kg агенттигинин маалыматына ылайык, өз кызматын бошоткон Чукуевдин ордуна, өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басарынын бир тууганы келмек болгон.
Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эмилбек Бусурманкуловдун агасы Абдималик Бусурманкуловдун аты чуу жаратып, бир сутканын ичинде башка жетекчинин ысымы аталган.
«Манас» эл аралык аэропортунун директору Эмир Чукуев 3-декабрда кызматтан кетти. Ал аэропортту 2015-жылдан бери жетектеп келе жаткан.
Количество просмотров: 34