Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Руслан Чойбеков мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды. Бул тууралуу Govori.TVга БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди.
Маалыматка ылайык, депутаттын арызы бүгүн, 8-июнда БШКга келип түшкөн.
«Ооба, депутат Руслан Чойбеков арызын электрондук почта аркылуу жөнөткөн. Аталган маселени БШК мүчөлөрү эртең, 9-июнда карашат»,-деди Гүлнара Журабаева.
Белгилей кетсек, буга чейин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев, “Кыргызстан” фракциясынын депутаттары Алмазбек Эргешов менен Жаныбек Исаевдер өз мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырышкан болчу.