• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Мандаттан кол жууган Жанар Акаев үн катты…

16 Бештин айы 2021 10:49 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты, «Альянс» партиясынан депутаттыкка талапкер Жанар Акаев Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоодон кийин өзгөрткөн жобосу тууралуу билдирүү таратты. Анда Акаев БШКнын чечимин логикага сыйбаган коркоктук деп атады.

«Жеңүүчүлөр аныкталгандан кийин, бир адамга карата атайын эрежени өзгөртүү эч бир логикага сыйбайт жана жеткен коркоктук! БШКнын эрежени шайлоодон кийин өзгөрткөн чечими менде эле эмес, элдин баарында күмөн ой жаратты. Мындай адилетсиз буйрукту аткарган БШК мүчөлөрү жана буйрук бергендер силердин уятыңарда болсун!

БШКнын шайлоого чейин кабыл алган жобосунда, партия 7 мандат алса, экөө аял болот деп так жазылган. Мыйзамды жөнгө салчу эрежени 13-декабрда БШКнын жетекчилиги түнкүсүн мүчөлөрүн чогултуп, басым кылганына карабастан мүчөлөрү каршы болуп, токтомду өзгөртүү сунушу өтпөй калган. Аны менен тынчыган жок. Эки күн убакыт алып, БШКнын ар бир мүчөсүнө жогорудан салам-дубай айттырып, маселени бышырып, кайра дагы алып чыгышты. Кайра кайра добушка коюп жатып эптеп өткөрдү, бир гана Альянска, анын ичинен мага гана тиешелүү маселени БШК атайын өзгөрттү. Адамга карата да эреже жазылабы, тообо! Шайлоо бүтүп, кимдер өткөнү жарыя болгондон кийин да токтомду өзгөрткөнү акылга сыйгыс көрүнүш.

Мунун баарына жакынкы тарых баасын берет буюрса. Акыйкаттык азыр чыкпаса, кийин чыгат.

Мен жаңы саясий маданиятты калыптандырууну каалаган саясатчылардын биримин. Гендердик баланс, аялдардын квотасы үчүн күрөшүп, азыркы мыйзамдарды колдогом.

БШКнын чечимине мен Токтобүбү Оргалча эжени айыптабайм, маселе анда эмес, БШКда.

Партиялык баалуулукту жогору коюп, Альянстын ишмердигин күчөтө беребиз.

Мени колдогон элиме чексиз ыраазымын, эч бир каражатсыз беш миң адамдын таза добушу мага дайыма сыймык!»

Борбордук шайлоо комиссиясы 15-декабрда партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун өзгөрттү. Кабыл алган жобого ылайык, үч мандат алган партиядан — бир, жети мандат алган партиядан — үч аял депутат келет. Буга чейинки жобого ылайык, жети мандат алган партиядан эки аял депутат келмек.

БШК 15-декабрда партиялык тизме менен шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, депутат кылып каттаган талапкерлердин тизмесин жарыялады. Ага ылайык «Альянс» партиясынан Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча депутат болот. Токтобүбү Оргалча Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган автобустары бар «Шыдыр Жол KG» ишканасынын ээси катары белгилүү. Ал 1972-жылы Кытайда төрөлгөн, этникалык кыргыз. Учурда Кыргызстандын жараны.

Количество просмотров: 2012