• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Мандатын тапшырган Жаныбек Абиров кесиптештерине ыраазычылык билдирди

5 Чын куран 2023 11:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында эл өкүлү Жаныбек Абиров мандатын тапшырганына байланыштуу, кесиптештерине ыраазычылык ирээтинде кайрылуу жасады.

Анда ал жаңылып калганын баса белгилеп, болуп өткөн чырдуу окуядан кийин, Жогорку Кеңешти да ыңгайсыз абалга койгонуна кейиди.

Эскерте кетсек, ЖК депутаты Жаныбек Абиров кафедеги мушташтан улам депутаттык мандатын өз аразы менен тапшырып берген.

Ал шайланып келген №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалган.

Учурда талапкерлерди каттоо журуп жатат. БШКнын маалыматына ылайык, шайлоого катыша турган талапкерлердин саны бешке жетти.

Количество просмотров: 112