• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Марадонанын жеке дарыгеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлдү

30 Жетинин айы 2020 9:17 Бишкек Govori.TV

Аргентина прокуратурасы өткөн жумада каза болгон футбол жылдызы Диего Марадонанын жеке дарыгери Леопольдо Лукенин Буэнос-Айрестеги үйү менен жеке клиникасында тинтүү жүргүзгөнүн билдирди.

Прокуратура атактуу футболчу жеке дарыгеринин шалаакылыгынан улам көз жумган болушу мүмкүн деп шек саноодо. Тергөө иштери Марадонанын кыздары Лукенин аракеттеринен күмөн санап жатышканын билдиргенден кийин башталган.

Прокуратура акыркы күндөрү Марадонага талаптагыдай медициналык жардам көрсөтүлгөн-көрсөлбөгөнүнө, жеке дарыгери футболчунун үйүнө канчалык тез-тез келип турганына жана анын сунушу менен кандай дарыларды ичкенине кызыгууда. Өз кезегинде Луке Марадонага бардык зарыл болгон жардамдарды бергенин билдирүүдө.

Аргентинанын футбол боюнча курама командасынын мурдагы оюнчусу, дүйнө чемпиону Диего Марадона өткөн шаршемби күнү 60 жаш курагында каза болгон. Ноябрдын башында анын мээсине операция жасалып, акыркы күндөрү үйүндө дарыланып жаткан. Анын спорттогу чеберчилиги жогору бааланып, дүйнөдөгү эң атактуу футболчу катары атагы чыккан.

Количество просмотров: 60