• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

“Марал” радиосу ишин токтотту

2 Бугу 202514:32 Бишкек Govori.TV

“Марал” радиосу башкаруу кеңешинин чечими менен радио ишин токтотконун ырастап, буга каржылык маселе негизги себептердин бири болгонун билдирди. “Марал” — радио, ТВ жана сайт болуп мултимедиалык багытта иш алып барган улуттук медиа бренд катары иштеп келаткан.

Ал жалаң кыргыз тилиндеги программа, уктуруулары аркылуу дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы жаңылыктарды ыкчам чагылдырып, талылуу маселелер боюнча түз эфирде талкууларды уюштуруп, коомдук-саясий темаларды берип турган.

“Марал ТВ” теле-радио берүү компаниясы 2010-жылдын 20-сентябрында юридикалык каттоодон өткөн.

Количество просмотров: 370