Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9-пунктуна, 71-беренесине ылайык Иманкулов Марат Муканович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы болуп дайындалды.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты Сүйүнбек Касмамбетов ээлеп келген.