• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Марипов 5600 сомго деле жашаса боло турганын айтты

3 Бирдин айы 2021 14:01 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеште өкмөт башчылык кызматка сунушталып жаткан Улукбек Мариповго жыйындын жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев “5600 сомго жашаса болобу” деп сурады.

“Дастан Далабаевич 5600 сомго деле жашаса болот, бирок чындыгында кыйын. Сурооңуздун түпкүрүн түшүнүп турам, эң төмөнкү көрсөткүчтү айтып жатасыз”, – деди Марипов.

Ага Марипов жашаса болот, бирок кыйын деген пикирин айтты.

Ал эми депутат, эгер кыйын болсо эмне себептен биз элди дагы да болсо алдап жатабыз деген пикирин айтты. Жана ошондой эле эл өкүлү жашоо минимуму деп 5600 сомдун бекитилип калганын, базарда баа өсүп бирок айлыктар көтөрүлбөй жатканын айтты.

Количество просмотров: 1103