• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Марипов: «Головной» суу бөлүштүрүүчү жай Тажикстанга эч качан берилбейт

4 Бугу 2021 18:37 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы («Головной») суу бөлүштүрүүчү жай Тажикстанга эч качан берилбейт. Бул тууралуу 4-майда Баткен облусунда куралдуу жаңжалда жабыркаган эл менен жолугушуу учурунда премьер-министр Улукбек Марипов билдирген.

«Бул суу бөлүштүрүүчү жайдын үстүндө «Кайырма» деген канал бар. «Кайырманын» башы үч куб. Бирок 1992-жылкы Алматадагы келишим бузулуп, бизди укпай, 2016-жылы ошол үч кубду 23 кубга чейин чоңойткон. Мен ошол тууралуу айтканмын. Мен аны Баткенге күйүп айттым. Головнойго менчелик күйгөн адам болсо, келсин, жооп берем. «Головной» эч качан аларга (Тажикстанга — ред.) берилбейт», -деп билдирген Марипов.

Өкмөт башчы буга чейин 3-февралда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, суу бөлүштүрүүчү жайга келген каналдын башы Тажикстанга алдырылганын билдирген. Кийин “Кайырма” каналы тууралуу айтканын, Төрткүл суу сактагычын жана “Головной” суу тосмосун стратегиялык объекттердин катарына киргизүү боюнча иш башталганын белгилеген. Бул сөзү коомчулукта талкуу жараткан.

Количество просмотров: 239