• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Марипов: Кыргызстан «жашыл» экономиканы өнүктүрүү жолу менен кетүүгө умтулууда

19 Жалган куран 2021 12:25 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасы ыраатттуу түрдө энергиянын салттуу булактарынан, айлана-чөйрөгө, адамдардын ден-соолууна жана өмүрүнө зыян келтирген товар жана тейлөөлөрдөн баш тартып, «жашыл» экономиканы өнүктүрүү жолу менен кетүүгө умтулууда. Бул туурасында премьер-министр Улукбек Марипов Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Чарльз Гарретт жана БУУ Өнүктүрүү программасынын Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен менен жолугушуусунда билдирди, — деп кабарлайт өкмөттүн басма сөз кызматы.

Белгиленгендей, Париж келишимин ишке ашыруу алкагында эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу астында климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, анын ичинде парник газдарынын таралышын кыскартуу боюнча иш улуттук деңгээлде жүргүзүлүүдө.

Өз кезегинде Чарльз Гарретт үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Глазго (Шотландия) шаарында климаттын өзгөрүүсү тууралуу БУУ Рамкалык конвенциясынын 26-Конференциясы өткөрүлүшү жөнүндө маалымат берди.

«Кыргыз Республикасы республикадагы климаттык абалды жакшыртууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттарды тартуу максатында эл аралык климаттык уюмдардын көңүлүн өзүнө бурдурууда көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө ээ»,- деп белгиледи элчи.

БУУӨП Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен кошумчалагандай, БУУӨП дүйнө жүзүндөгү өлкөлөргө парник газдарынын жайылуусу төмөнкү деңгээлдеги өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууга колдоо көрсөтүп келет, ошондой эле конференция эл аралык деңгээлдеги климаттык коопсуздукту камсыздоо боюнча өз пландарын билдирүүсү үчүн натыйжалуу аянтча болуп калаарын маалымдады.

Жыйынтыгында өкмөт башчы аталган маселе боюнча тыгыз кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди жана келерки конференцияга кыргыз делегациясынын катышууга даяр экендигин кошумчалады.

Количество просмотров: 112