• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Марипов: Негизги милдет калкты жеткиликтүү баалар боюнча дары-дармектер менен камсыздоо

26 Бугу 2021 14:59 Бишкек Govori.TV

Биздин негизги милдеттерибиздин бири – калкты жеткиликтүү баалар боюнча дары-дармектер менен камсыздоо. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотулган дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын Тизимин талкуулоо боюнча кеңешмеде билдирди.

«Салыктык жеңилдиктердин айынан республикалык бюджет жыл сайын 25 миллиард сомго чейин жоготууда. Дары-дармек каражаттарына белгилүү жеңилдиктер болушу керек. Негизги товарлар Россия Федерациясынан келет, бирок андагы жана бул жердеги бааларды салыштыра келгенде чоң айырмачылыктар орун алган. Жеткирүүчүлөр жана дарыкана тармагы акча табышат, ал эми карапайым калк кыйналууда. Эгерде КНС төлөөдөн бошотуу баалардын төмөндөшүнө таасир эте албаса, жеңилдиктерди берүү режимин пайдалануунун кажети барбы», — деп белгиледи Улукбек Марипов.

Министрлер кабинетинин башчысы КНСтен бошотулган дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдардын жаңы Тизимин аныктоонун маанилүүүлүгүн белгиледи.

«КНСтен бошотулган дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын Тизими 2013-жылы бекитилген. Бүгүнкү күндө аталган тизимде 161 аталыш көрсөтүлгөн. Тизмеде жашоо үчүн маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизимине кирбеген дармектер бар. Тизмеде жашоо үчүн маанилүү дары-дармектерди гана калтырып, калгандары үчүн КНС киргизүүнү сунуштайм. Кеңешмелерде талкуу жүрүп жатканы менен жаңы Тизимди аныктай албай келебиз. Эгерде кийинки кеңешмеге себептери негизделген жаңы тизме даяр болбосо, анда көптөгөн жетекчилер менен коштошууга аргасыз болобуз. Антпесе бул узакка созулуп, дары-дармекти жеткиликтүү баада сатып ала албаган катардагы жарандар жапа чегип калат», — деп жыйынтыктады Улукбек Марипов.

Количество просмотров: 66