• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Марипов Ысык-Көлдөгү 9 жашар баланын сабалышы боюнча окуяны көзөмөлгө алды

9 Теке 2021 15:42 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусундагы спорттук машыгуу учурунда 9 жашар баланын сабалышына тийиштүү окуя министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун өзгөчө көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.

Марипов иштин бардык жагдайлары жөнүндө маалымат берүүнү жана иликтөө алкагында балага карай зомбулукка жол берген жактардын аракеттерине гана эмес, кызматтык милдетине толеранттуулук, сабырдуулук жана диний маданият боюнча профилактикалык иш-чараларды өткөрүү маселеси кирген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кызматтык жактарынын аракеттерине (аракетсиздик) карай да укуктук баа берүүнү тапшырды.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбековага мындай окуяларга жол бербөө боюнча чараларды күчтөндүрүүнү сунуштады.

Белгилесек, тогуз жашар бала Ысык-Көл облусундагы дзюдо боюнча секциянын машыгуулары учурунда курдаштары тарабынан сабалган.

Сот-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча жабырлануучунун ден соолугуна жеңил түрдөгү зыян келтирилген, натыйжада ден соолугу жабыркап, кыска мөөнөткө эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкон.

Количество просмотров: 353