• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Марипов: Жапаров аткаруу бийлигин колго алса, өкмөт 5 жылдык болот деген үмүт бар

3 Бирдин айы 2021 11:22 Бишкек Govori.TV

Өкмөт канчалык тез алмашса, программалары тез өзгөрсө мамлекетке кедергисин тийгизерин көрдүк. Мындай пикирин өкмөт башчылык кызматка сунушталып жаткан талапкер Улукбек Марипов жалпы жыйына сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, Референдум өтсө, урматтуу Садыр Нургожоевич аткаруу бийлигин колго алса, өкмөт беш жылдык болот деген үмүт бар.

«Ар бир үй-бүлөнүн кирешесин көбөйтүүгө салым кошобуз. Пенсияларды көтөрүү приоритеттүү кадам болушу керек. Ар бир кыргызстандык билим алышы керек. Кичи жана орто бизнес үчүн ыңгайлуу шарт түзүлүшү керек. Ыңгайлуу жана иштиктүү коммуникацияны түзүү зарыл деп эсептейм. Олуттуу иштин эң олуттуу бөлүмү алдыда турат. Өкмөт мүчөлөрүнүн саны 22ден 16га кыскартылды. Бул жөн эле кыскартуу эмес. Мамлекеттик каржы системасы эң олуттуу өзгөрүүгө муктаж. Айыл чарбага ылайыктуу өлкөбүз», — деди Марипов.

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын премьер-министрлик кызматка талапкерди, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын карап жатат.

2-февралда жаңы өкмөттүн курамын парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети жактырган.

1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдогон. Аны бул кызматка «Республика — Ата Журт» фракциясы сунуштады.

Количество просмотров: 22