• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Марипов: Жол эрежесин бузгандарга айып пулду төмөндөтүү пландалууда

3 Чын куран 2021 19:46 Бишкек Govori.TV

Өкмөт “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жол эрежесин бузгандарга карата айып пулду төмөндөтүүнү пландап жатат. Мындай демилге Кыргызстандагы социалдык-экономикалык кризис учурунда кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде премьер-министр Улукбек Марипов «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу түз эфирде билдирди.

“Азык-түлүк, күйүүчү май кымбаттап жатат. Биз муну туура кабыл алып, президентибиздин тапшырмасы менен жол эрежесин бузгандардын айып пулдарын азайтуу ишин жүргүзүп жатабыз. Азыр токтомдун долбоору иштелүүдө. Жакынкы күндөрү Жогорку Кеңешке сунуш беребиз”, — деди Марипов.

“Коопсуз шаар” долбоорунун негизинде коюлган камераларга 2019-жылдын 4-мартынан 2021-жылдын 26-мартына чейин 2 миллион 239 миңден ашуун жол эрежесин бузган учурлар катталган.

Айдоочулар айып пул эрежеси киргенден тартып мамлекеттик бюджетке жалпысынан 1 млрд. 575 млн. сомдон ашык акча төлөшкөн.

«Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте 2019-жылы 12-февралда ишке кирип, март айынан тартып жол эрежесин бузгандарга айып салына баштаган. 

Количество просмотров: 205