• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Маркум Улан Эгизбаевге «Улут абийири» наамы ыйгарылды

18 Тогуздун айы 2018 15:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.10.2018.Govori.TV.

 «Азаттыктын» журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевге «Улут абийири» наамы ыйгарылды. Бул туурасында Азаттык жазды.
Аталган наамды ыйгаруу Бишкектеги Кино үйүндө өтүп, Эгизбаевдин апасына тапшырылды.
 Айта кетсек,  бул сыйлыкты Интеллектуалдар альянсынын «Чеч-Дөбө» кеңеши негиздеген.  Сыйлык 2017-жылы негизделип, алгач ирет журналист Нарын Айыпка берилген.
Эске салсак, курч иликтөөлөрү менен таанылган журналист Уланбек Эгизбаев быйыл 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кезде каза болгон. Ал эми Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, Ички иштер министрлиги Эгизбаевдин сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.  Жасаган эмгектери эске алынып, Эгизбаевге көз жумгандан кийин «Эрдик» медалы ыйгарылган. Аны президент Сооронбай Жээнбеков 1-октябрда ата-энесине тапшырган.
Количество просмотров: 2