• Бейшемби 7 Бештин айы 2023
  • Четверг 7 Декабрь 2023

Мароккодо жер титирөөдөн 2 миңден ашык адам каза тапты

10 сентября 2023 в 12:26 Бишкек Govori.TV

Мароккодо жер титирөөдөн каза болгондордун саны эки миңден ашканын өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, 2012 адам зилзаладан көз жумду, 2060 адам жаракат алган. Алардын ичинен 1404 адамдын абалы оор.

6,8 баллдык зилзаладан турак жайлар, имараттар, мечиттер кыйрады. Урандылардын арасында калгандарды издөө уланууда.

Белгилей кетсек, Мароккодо үч күндүк улуттук аза күтүү күнү жарыяланды.

Количество просмотров: 175