• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Маршруткалардын айдоочуларынын иш таштоосунан улам депутат “бири-бирибизге жардам берели” акциясын баштады

19 Үчтүн айы 2021 15:18 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев “бири-бирибизге жардам берели” акциясын баштады.

Соцтармактагы билдирүүсундө, депутат 18-январда шаардагы аялдамаларда элдер үйлөрүнө кете албай тизилип турганына күбө болгонун, буга байланыштуу бүгүн шаар тургундарынын үйлөрүнө жетүүсүнө жардам берүүнү көздөп жатканын айткан.

«Маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш таштоосуна байланыштуу “Бири-бирибизге жардам берели” аттуу акциябызга кошулууга чакырам. Акция демекчи, маңдайкы айнектеринде белгилери бар унаалар (кадимки маршруттук таксилердин номерлери көрсөтүлгөн) жарандарды жүргүнчү ташуучу кичи автобустардын каттамында бекер ташыйт. Акцияга катышууну каалагандар Asia Mall соода борборунун унаа токтотуучу жайына келе алышат. Керек болсо унаага май куюп беребиз», – деди ал.

Количество просмотров: 211