• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Маршрутканын айдоочусу жоголгон капчыкты таап алып, ээсине кайтарды

4 Чын куран 2023 9:16 Бишкек Govori.TV

Бишкекте №100 маршрутканын айдоочусу жоголгон капчыкты таап алып, ээсине кайтарып берди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, капчыктын ичинде байланыш номер жазылган эч кандай документ жок болгондуктан айдоочу капчыкты видеого тартып, соцтармакка жарыялаган. Жолугушууда буюм ээси айдоочуга ыраазычылык билдирип, акчаны карызды берүүгө алып бара жатканын айткан.

Белгилей кетсек, капчыктын ичинде 14 миң 800 сом болгон.

Количество просмотров: 163