• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Маршруттук каттамдар иш таштайт деген маалымат тарады. Мэриянын кайрылуусу

23 Чын куран 202114:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспорттун жол киресин акырындык менен көтөрүү маселесинин үстундө иштеп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мэрия айдоочуларга кайрылып, алардын абалын түшүнүп, мыйзам чегинде бардык аракеттерди көрүп жатканын, бул учурда коомдук транспорттун иши үзгүлтүккө учурабашы керектигин билдирди.

«Мыйзам боюнча тарифти өзгөртүү боюнча чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алат. Мэрия маселенин бардык күңгөй-тескейин карап, экспертизаларды жүргүзүп бүткөн соң шаардык кеңешке сунуш киргизет. Мэрдин буйругу менен бул маселе боюнча иштөө үчүн жумушчу топ түзүлүп, тиешелүү иштер аткарылып жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин интернетте айдоочулар 3-май күнү ишке чыкпай, жол кирени көтөрүүнү талап кылышат деген маалыматтар тараган болчу.

Количество просмотров: 160