АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп ант берип, кызматка расмий киришти. 47-президент дароо маанилүү буйруктарга кол коерун, мыйзамсыз мигранттардын агымын токтоторун билдирди. Ант берген соң Дональд Трамп алгачкы сөзүндө “Америка биринчи орунда” деп, Кошмо Штаттардын “алтын доору башталганын” айтты.
“Американын алтын доору мына азыр башталууда. Бул күндөн баштап, биздин өлкөбүз гүлдөп-өсөт жана дүйнөнүн чар тарабында кайрадан сый-урматка татыктуу болот. Бизге ар бир өлкө суктангандай болот жана мындан ары бизди колдонуп кетем дегендерге жол бербейбиз. Трамп администрациясынын ар бир күнү оболу Американы биринчи коем”, — деди ал.
Трамп АКШ “кайрадан гүлдөгөн өлкө деп саналарын” айтып, Байдендин администрациясын сындап, жаңы кабинеттин алдында турган артыкчылыктуу багыттарды атады.
Ошондой эле Трамп Американын түштүктөгү чек арасында өзгөчө кырдаал жарыялай турганын, мыйзамсыз мигранттар АКШга кирбестен, Мексикада каларын шарттай турган саясатка басым жасарын айтты.
Президент Трамп энергетика тармагында өзгөчө кырдаал киргизилерин жарыялады. Ал өлкөнүн энергетикалык корун толтуруп, энергия булактарын дүйнөнүн бардык тарабына экспорттой турганын айтты.
«Энергия булактарынын баасынын кымбатташы жана аларды жапырт ашыкча колдонуунун айынан инфляциялык кризис жаралды. Андыктан мына бүгүн энергетика тармагында өзгөчө кырдаал жарыялайм» деген Трамп жер алдынан казылчу кен-байлыкты өндүрүү көбөйөрүн айтты.
Ошондой эле администрациясына чекке жеткен инфляцияга каршы күрөшүүгө тапшырма берерин белгиледи. Cоода-сатык системасын реформалоону убада кылды.
Трамп Ак үйгө кызматка кайтып келгени үчүн америкалыктарга ыраазычылык билдирип, “америкалыктардын үнү жеткенин” айтты.
“Менин силердин алдыңарда турганым бул өлкөдө мүмкүн эмес дегенге такыр ишенбегиле дегендин далили. Америкада мүмкүн эмес деген нерсенин баары эң сонун колдон келет”, — деди Трамп.
Америкалык астронавтар Марска бет алып, «жаңы үлкөн жеңиштерге» жетерин белгилеген Трамп мекендештерин «тарыхтагы улуу цивилизацияда майтарылбаган күч-кубат менен турмушта каармандыкты көрсөтүүгө» үндөдү.
Трамп Америка өз байлыгын арттырып, аймагын кеңейтип, өлкөнүн туусун жаңы горизонтторго, анын ичинде Марска саярын айтты.
Кызматка киришкен президент ант бергенден кийинки сөзүндө эл аралык маселелерге учкай токтолду. Ал АКШ эл аралык климат келишиминен кайра чыгарын, соода маселесинде Американын өзүнө артыкчылык берилерин белгиледи.
Ал өзү кызматка киришер алдында “Жакынкы Чыгыштагы туткундар үйлөрүнө кайта баштаганын” эске салып, “тынчтык орнотуучу жана бириктирүүчү” лидер болгусу келерин, бул анын мурасы болуп каларын да кошумчалады.
“2017-жылдагыдай эле, биз кайрадан дүйнө буга чейин көрбөгөн эң кудуреттүү армияны курабыз. Биз өзүбүздүн ийгилигибизди салгылашууларды жеңгенибиз аркылуу гана эмес, согуштарды аягына чыгарганыбыз, балким, эң маанилүүсү, биз эч качан аралашпай турган согуштар менен да өлчөйбүз”, — деп билдирди.
Трамп АКШнын түштүгүндөгү Мексика булуңунун аталышын «Америка булуңу» деп өзгөртө турганын айтып, Панама каналы тууралуу да сөз кылды. “Кытай Панама каналын иштетип жатат. Биз аны Кытайга берген эмеспиз. Панамага бергенбиз. Эми кайра алабыз”, — деди Трамп.
Булак: Азаттык.