Бишкекте Сот департаментинин бөлүм башчысы мас абалында унаа башкарганы үчүн кызматынан бошотулду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, 1-октябрда Бишкек ШИИБнин кызматкерлери айдоочусу мас абалында унаа айдаган деп “Хундай Соната” үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Кайгуул кызматынын кызматкери Мирлан Таалайбеков айдоочу жазадан качууга аракет кылып, ал адам Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин бөлүм башчысы болуп иштегени жазылган кызматтык күбөлүгүн көрсөткөнүн билдирди.
Айдоочу наркологиялык борборго жеткирилип, дарыгерлер ал кишинин мас болгонун тастыкташкан. Унаа убактылуу кармоочу жайга киргизилип, айдоочуга карата тиешелүү протокол түзүлдү.
Өз кезегинде Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин басма сөз кызматы жогоруда аталган айдоочу Чүй облустук башкармалыгынын соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы экенин билдиришти. Ал киши ээлеген кызматынан бошотулду.