• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Мас абалда тез жардам унаасынын терезесин талкалаган жаран кармалды

29 Чын куран 2021 10:58 Бишкек Govori.TV

Бишкекте тез жардам унаасынын терезесин талкалап, материалдык чыгым келтирген жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 26-апрель күнү болжол менен саат 18:15 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Орозбеков көчөсүндө мас жаран коомдук тартипти бузуп жатат деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1964-жылы туулган М.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда белгисиз азият туспөлүндөгү болжол менен жашы 25-30 жаштагы жаран мас абалында коомдук тартипти бузуп, тез жардам унаасынын терезесин талкалап материалдык чыгым келтирген.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган А.Э. аттуу жаранды кармашып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты Свердлов райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Количество просмотров: 58