Социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы №146 маршруттук каттамдын айдоочусу мас абалында унаа башкарып, жол кырсыгына кабылган видео тарады.
Буга байланыштуу Милициянын кайгуул кызматы кичи автобус айып короосуна токтотулуп, айдоочусуна 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынганын билдирди.
«Интернетте № 146 маршруттук унаанын тарап жаткан видеого байланыштуу Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкери издөө чараларын жүргүзүп, натыйжада маршурттук унаа убактылуу токтотуучу короо жайына токтотулду. Ал эми айдоочусуна карата Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде тиешелүү протокол толтурулду»,-деп айтылат маалыматта.
Ал эми мэриянын алдындагы транспорт башкармалыгынын басма сөз кызматы мас абалында унаа башкарган Бишкектеги №146 маршруттук каттамдын айдоочусун жумуштан алуу маселеси каралып жатканын маалымдады.
«Мас абалында унаа башкарган учурда ал жумуш убагында эмес болгон. Ошол күнү айдоочу жумушка келип наркологиядан өткөндө таза чыккан. №146-маршрттук каттамдын механигине айып салынды»,- деп билдирди маалымат катчы.