Кыргызстанда жыл башынан бери мас абалында унаа башкарган 3,7 миң айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын 2024-жылдын биринчи чейрегин жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешмесинде айтылды.
Ыкчам кеңешме башкармалыктын башчысы Жеңишбек Жоробековдун жетектөөсү менен жер-жерлердеги ЖКККБнын башчыларынын катышуусунда өтүп, үч ай аралыгында аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгаруу, жол кырсыктарын алдын алуу жана жайкы туристтик мезгилге даярдануу маселелери талкууланды.
Кеңешмеде жыл башынын тартып өлкө аймагында 278 миң 740 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталып, мамлекеттик бюджетке 116 млн 299 миң 700 сом өндүрүлгөнү белгиленди. Алардын ичинен:
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 23 миң 318 унаа айып короо жайына токтотулган.
Кеңешменин соңунда ЖКККББнын жетекчиси орун алган кемчиликтерди белгилеп, аларды жоюу, жол кырсыктарын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүү, ошондой эле өздүк курам арасында тартип жана мыйзамдуулукту сактоо багытында бир катар тапшырмаларды койду.