• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Мас абалындагы жаран кайгуул кызматкерлерине кол салды

3 Жетинин айы 202215:21 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жаран Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлерине кол салды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2-ноябрь күнү болжол менен саат 12:10 чамасында “102” кызматына Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан кийим тигүүчү цехтердин биринде мас жаран ызы-чуу салып жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1991-жылы туулган Н.Б. аттуу жаран мас абалында майда бейбаштык кылып жаткандыгы аныкталган. Кызматкерлердин мыйзамдуу талабына да баш ийибей, качып кеткен. Бирок, кийин кармалып, андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн Свердлов райондук ички иштер бөлүмунө жеткирилген.

Количество просмотров: 173