• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Мас болгон аял эки жашар баласын таксиге унутуп кеткен

6 Бугу 201912:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.05.2019.Govori.TV.

Россиянын Ростов-на-Дону шаарында мас болгон апасы эки жашар уулун таксиге унутуп кеткен. Бул тууралуу Ростов облусунун ИИМнин Башкы башкармалыгы билдиргенин РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, 28-апрель күнү такси кызматынын унаасында калып кеткен 2,5 жаштагы бала ооруканага түшкөндүгү тууралуу билдирүү болгон.

ИИМден билдиришкендей, учурда баланын саламаттыгы жакшы.

“Энеси ошол маалда мас абалда болгондугу аныкталган. Жашы жете электердин иши боюнча бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан административдик протокол түзүлүп, баардык чогултулган документтер балдар иши боюнча Акыйкатчыга, жашы жете электер боюнча комиссияга жана камкордук алуу органдарына өткөрүлүп берилет”, — деп айтылат маалыматта.

Азырынча бала ооруканада калууда.


Количество просмотров: 14