• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Мас болуп унаа айдагандарды күбөлүгүнөн ажыратпай эле айыпты көбөйтүү сунушталды

29 Тогуздун айы 202411:11 Бишкек Govori.TV

ЖК депутаты Эрнис Айдаралиев мас абалында унаа башкаргандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратпай айып пулдун суммасын көбөйтүү сунушун берип, мыйзам долбоору ЖКнын сайтына коомдук талкууга коюлду.

Депутат мас болуп рулга отургандарга 100 миң сом, юридикалык жактар болсо 200 миң сом айып салуу демилгесин көтөрдү.

«Жыл сайын жүздөгөн киши алкоголдон мас абалында айдоодон улам келип чыккан кырсыктардын курмандыгына айланууда. Бул көйгөй менен күрөшүүнүн жолдорунун бири болуп акчалай айып пулдар саналат. Акчалай айып пул укук бузуучуга карата финансы жагынан түз таасир этет. Анын максаты жазалоо гана эмес, мыйзам бузуулардын кайталанышын болтурбоо. Мас абалында автомобиль башкарганы үчүн орчундуу сумманы төлөөгө мажбур боло турганын айдоочу баамдаганда, бул ооздуктоочу фактор катары кызмат кылышы мүмкүн», — деп эсептейт демилгечи.

Ошондой эле долбоордун маалымкат-негиздемесинде 2023-жылы 7810 айдоочу май абалында транспорт каражатын башкарып, айдоочу укугунан ажыратылган. Айрыкча, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын “Укук бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалымат системасынан алынган маалыматка караганда, ушул эле жылы транспорт каражатын башкаруу укугунан бир жылдык мөөнөткө ажыратылган айдоочулар тарабынан жасалган ар түрлүү 1577 укук бузуу катталганы жазылган.

Депутат бул цифралар өз жаны үчүн гана эмес, жол кыймылынын бардык катышуучуларынын жаны үчүн да жоопкерлигин баамдоосу үчүн колдонуудагы чаралардын жетишсиздигин күбөлөндүрүп турат деген пикирин белгилеген.

Количество просмотров: 145