Бишкекте №227 маршруттук таксинин айдоочусу мас абалында жүргүнчүлөрдү ташыган делген айдоочу видео кайрылуу жасады.
Аталган видео кайрылууну Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
Мен ошол күнү эртең менен 6:40 да келип, диспечердик бөлүмдөн текшерүүдөн өткөм. Ак-Ордо конушунан келе жатканда ооруп жатканыма байланыштуу тамагыма даары чачкам. Ошого байланыштуу үнүм кырылдап калган. Ал эми айрым жүргүнчүлөр мени видеого тартканда мен актанып, теңелген жокмун. Мындай учурлар көп болот. Өзүмдүн оорума байланыштуу спирт ичимдигин ичпейм аны баардыгы билет,-деген айдоочу.
Эске салсак, 11-октябрда социалдык түйүндөргө Бишкекте №227 маршруттук таксинин айдоочусу мас абалында жүргүнчүлөрдү ташып жатат деген видео тараган. Анда видеону жөнөткөн жаран адамдардын өмүрүн тобокелге салып айдап бара жаткан айдоочуга тиешелүү кызмат чара көрүүсүн өтүнгөн.