Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Таалайбек Масабиров билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө ата мекендик ишкерлерге колдоо көрсөтүү керек.
«Коронавируска байланыштуу бизнес чөйрөсүндөгү ишкерлердин алган насыяларына жеңилдик берүү тууралуу сунуш бердим. Бүгүнкү күнү ишкерлерибиз чоң чыгашаларга дуушар болуп жатат ошондуктан биринчи кезекте ишкерлердин насыяларынын туумун токтотуш керек»,-деди депутат Таалайбек Масабиров.