Бишкек.25.04.2019.Govori.TV.
Жогорку Кеӊеште Өкмөттүн 2018-жылы жүргүзгөн иши жөнүндө маалымат угулуп, талкуу жыйынтыгында Премьер-министрдин отчету канааттандырарлык деп табылды.
Депутаттар эки күн бою өкмөт башчыга суроолорду берип, жалпы ойлорун билдиришти. Алардын пикиринде, өкмөт канааттандыраарлык иштеди, бирок реформага муктаж.
Депутат Исхак Масалиев өкмөттүн отчетун канааттандырган жок деп таанууну сунуш кылды, бирок анын кесиптештери колдошкон жок.