• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Масалиев: КСДПны оппозициялык азчылыкка чыгарыш керек

19 Жалган куран 2019 16:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.03.2019. Govori.TV

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев коалициялык көпчүлүктөгү фракция лидерлерине КСДП фракциясын коалициядан чыгаруу боюнча кайрылганы жатат. Ал бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирип, коалиция КСДПнын тагдырын чечиши керек экенин айтты.

«Мен былтыр май айында КСДП фракциясын коалициядан чыгарууну сунуш кылгам. Бул азыр да актуалдуу. Бирок азырынча расмий кагаз түрүндө кат бере элекмин. Эки-үч күндө ошол сунушту кайталаганга даярданып жатам. КСДПны оппозициялык азчылыкка чыгарыш керек. Ал эми кийин алар оппозиция болобу же жокпу, өздөрү чечет», — деди Масалиев.

18-мартта Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) расмий түрдө оппозицияга өткөнүн жарыялады. Партиянын өкүлү Кундуз Жолдубаева эми уюм бийликтин туура эмес жүргүзгөн саясатына сын-пикир айтып, 2020-жылы оппозициячыл партия катары парламенттик шайлоого барышарын билдирген.

Парламентте учурда КСДП, «Республика — Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракциялары коалициялык көпчүлүктү, «Өнүгүү-Прогресс» менен «Ата Мекен» фракциялары оппозициялык азчылыкты түзөт.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 14