• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Масалиев: Тил алчаак премьер-министр келет

16 Кулжа 2020 9:39 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасын кабыл алды. Тийиштүү Жарлыкка 16-июнда кол коюлду.

Абылгазиевдин ордуна өкмөт башчылыкка талапкер катары өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, биринчи вице премьер-министр Кубатбек Боронов жана Бишкек мэри Азиз Суракматовдун аты аталып жатат.

Ал эми мурдагы депутат Исхак Масалиев өкмөт башчы кызматына мамлекеттик кызматта тажрыйбасы жок, бирок тил алчаак адам келет деген пикирин фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

“Күтүлгөндөй эле кезектеги премьер-министр кетти. Эми анын ордуна мамлекеттик кызматта тажрыйбасы жок, бирок тил алчаак адам келет. Бирок, өлкөгө өз пикири жана өлкөнү өзгөртүүгө калоосу бар премьер-министр жетишпей жатат”, — деп жазган Масалиев.

Эске салсак, кечээ, 15-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын берди. Абылгазиевдин арызында радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу чечимди кабыл алганы белгиленген.

Ну вот, как и ожидалось ушёл ещё один Премьер министр. Правда мотив интересный — следствие не задавало вопросов, ждать…

Опубликовано Исхаком Масалиевым Понедельник, 15 июня 2020 г.
Количество просмотров: 391