• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Масалиев: «Тарыхый имараттар бир-бирден тизмеден чыгарылып бузулуп жатат»

20 Жалган куран 202512:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-мартта депутат Исхак Масалиев тарыхый мурас катары тизмеге кирген объекттер четинен тизмеден чыгарып буздурулуп жатат деген пикирин айтып, кайрылуу кылды.

Депутаттын айтымында, 18-февраль күнү Президенттик башкармалыктын сунушу боюнча, ведомстволор аралык комиссия Т.Усубалиев атындагы аянтта, тагырагы Абдымомунов көчөсү 205, 207 дарегинде жайгашкан Жогорку сот менен 2 министрликтин имаратын тизмеден чыгарган.

«Тизмедеги объекттер бирден-бирден чыгарылып, талкаланып жатат. Тактап айтсам, «Ала-Тоо» кинотеатрынын маңдайында тарыхый типография бар эле, ал жок. «Ысык-Көл» мейманканасы болчу, эле ал жок. Панфилов атындагы музей бар болчу. Ал талкаланып, өкмөт 3800 тонна арматурага алмаштырды. Ошондой эле «Ак-Кула» ипподрому жок болду. Батыш Чыгыш автобекеттер, «ВДНХ» да талкаланып, азыр конгресс-холл курулуп жатат», — деди депутат.

Количество просмотров: 288