• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Исхак Масалиев: «3 млрд. сом бюджетке кайтарылдыбы?»

15 Тогуздун айы 202412:32 Бишкек Govori.TV


Депутат Исхак Масалиев бүгүн, 15-октябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында бир жыл мурун айрым жеке адамдар жана мекемелер тарабынан бюджетке бир нече миллиард сом зыян келтирилди деп чыккан маалымат боюнча сурады.

Ал бир жыл мурун Жаратылыш ресурстар министрлиги дээрлик 1 миллиард сомго тендердин шарттарын бузганын эске салды.

«Автомобиль жолдорунун курулушу боюнча да дээрлик 1 миллиард сомдук мыйзам бузуулар аныкталган, Теңиз Бөлтүрүк тарабынан эле 1 миллиард сомго мыйзам бузуулар болду . Бул акчанын баары кайда? Алар бюджетке кайтарылдыбы же жокпу?» — деп сурады депутат.

Жыйында бул суроого эч ким так жооп бере алган жок. Исхак Масалиев бул суроого жоопту пленардык жыйынга чейин даярдоону өтүндү.

Учурда парламентте “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жана 2026-2027-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат.

Количество просмотров: 118