Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамбыл облусунун Кордай районуна караштуу Масанчи жана Сарытөбе айылдарындагы жапырт мушташка байланыштуу пикирин билдирди.
«Кордай районунда бейбаштык өңүттөгү жапырт мушташ болду. Аны чагымчылар өз пайдасына пайдаланууну көздөгөн. Полиция жагдайды тартипке салып, өз көзөмөлүнө алды. Коомдук тартипти бузгандар жоопко тартылат» деп жазды «Твиттер» баракчасына казак президенти.
Казакстандын Жамбыл облусундагы Масанчи айылында жана Сарытөбе айылдарында жергиликтүү тургундар ортосунда массалык уруш болду. Бул тууралуу Казакстандык басылмалар жазууда.
Жергиликтүү тургундар арасында жапырт мушташ болгонун Казакстандын Ички иштер министрлиги тастыктады.
Маалыматтарга ылайык, аталган окуя боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды.
Буга чейин чыккан маалыматтар боюнча Казакстандын эки айыл тургундары дунгандар жана казактардын ортосунда чыр чыкканы, 10 дой турак жай өрттөнгөнү, ок атылганы тууралуу маалыматтар тараган.