• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Маселе шаардык кеңешинин ууру жана коррупцияга аралашкан депутаттарында. Биз ошолорду тазалашыбыз керек…

6 Баш оона 2018 15:32 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.08.2018.Govori.TV.
Эң биринчи маселе Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарында болуп жатат. Алар дагы жооп бериши керек. Бул тууралуу жарандык активист Мавлян Аскарбеков айтты.
«Эмне үчүн Кененбаев бешинчи мерге калпак чапанын кийгизени турат? Төртөөсүнө кылмыш иш козголуп,  соттолуп жатса,  ошол коррупционерлерге кошулуп жүргөн Кененбаев жана анын орун басары  жооп  бербеши керек? Эмне үчүн Бишкек шаарынын депутаттары жооп бербеши керек?   Же Кененбаев гана мэрлерге жалгыз чапанын жаап кийгизди беле?  Ошол жерде  45 депутат тең, кол жаап отурбады беле? Андыктан маселе биринчи Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарында болуп жатат.  Мына ууру жана коррупционерлерди ошолор жашырып, аралашып жүрүшөт»-дейт активист Аскарбеков.
Мындан тышкары, Суракматов  же Эшимбаев, Кулматов келеби маселе анда эмес. Маселе шаардык кеңештин ууру коррупцияга аралашкан депутаттарында. Мына биз ошолорду тазалашыбыз керек деп кошумчалады ал.

 

Количество просмотров: 16