• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Массалык камоолор. Мамбетжунус Абылов 2 айга камалды

28 Тогуздун айы 202221:27 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөсү Мамбетжунус Абыловдун баш коргоо чарасын карады.

Соттун чечими менен Мамбетжунус Абылов Бишкектеги СИЗО-1ге 20-декабрга чейин киргизилди.

Мамбетжунус Абылов өзү да тергөөдө анын бийликти басып алууну каалагандыгы боюнча эч кандай далил жок экенин билдирди.

Эске салсак, 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милиция алып кеткен. Кармалган жарандык активист менен саясатчылардын дээрлик баары Биринчи май сотунун чечими менен 20-декабрга чейин камалган.

Белгилей кетсек, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

Количество просмотров: 217