Бишкек.25.02.2019.Govori.TV.
Чүй облусунда жаш балдардын арасында массалык мушташ болуп, анда 2 бала бычак жеген.
18 жаштагы жигит алган жаракатынан улам каза болгон. Ал эми экинчи бала жандандыруу бөлүмүнө жайгаштырылган. Бул тууралуу маркумдун туугандары Govori.TV. агенттигине кабарлаган.
Маркумдун сөөгү бүгүн туулган жери, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Күрмөнтү айылына коюлган.
Бул тууралуу ИИМге кайрылганыбызда маалымат такталып жакандыгын билдишти.
Каза болгон баланын атасы жок экени жана ал уй бүлөдө улуу бала болгону белгилүү болду.