• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Массалык уулануу: Бейшеналиев тез татым жайларын текшерүүгө буйрук берди

2 Тогуздун айы 2023 12:59 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги уулануудан соң, бардык тез татым жайларын текшерүүгө буйрук берди.

Дем алышта Бишкектин Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Беш Лаваш» жана «Мидос» тез татымдарынан шаурма жегендер массалык түрдө ууланган.

Ошол эле күнү Бейшеналиев Бишкектеги массалык уулануу фактысы боюнча Мамэпидкөзөмөл борборунда чукул жыйын өткөргөн. Тез татым түйүндөрүнө 72 миң сом айып салынып, аныкталган мыйзам бузуулар жоюлганга чейин жабылды.

Количество просмотров: 320