• Жума 1 Бештин айы 2023
  • Пятница 1 Декабрь 2023

Матраимов менен бир дасторкондо отурган депутаттар талкууда. Козуев комментарий берди

13 ноября 2023 в 12:57 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бир дасторкондо отурган видео боюнча Govori.TVга комментарий берди.

Анын айтымында, аталган тасма 2 жыл мурун тартылган.

«Аталган видео адашпасам 2-3 жыл мурда тартылган. Жусупбек Коргонбай уулунун өздүк майрамы болуп, туулган күнүнө чакырган. Куттуктап баргам, ал жерде бир топ эле кишилер болгон»,-деди ал.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда мурдагы ЖАМКтын мурдагы башчысы Мелис Турганбаев, депутаттар Жусупбек Коргонбай уулу, Алишер Козуев жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бир дасторкондо видеосу тарап, талкуу жаратууда.

Количество просмотров: 466