• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Матраимов менен Көлбаевдин бир нече мүлкү сатыкка коюлду (тизме)

18 Чын куран 2024 8:50 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик мулктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик 2023-жылы Бишкекте атайын операцияда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаев менен абакта жаткан мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун бир нече мүлкүн аукционго койду.

Ал мүлктөр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) уюшкан кылмыштуу топторго жана коррупцияга каршы күрөшүнүн алкагында мамлекетке өткөн.

Ага ылайык, Бишкек шаарынын Рыскулова көчөсү 79б дарегинде жайгашкан коммерциялык имараттын баштапкы баасы 38 млн 601 миң сом деп бааланды. Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылындагы 800 чарчы метр жер тилкеси 6 млн 239 миң сомго, Чолпон-Ата шаарындагы курорттук аймактан 39 миң 900 чарчы метр жер 142 млн 657 миң сомго сатыкка чыкты.

Аукционго коюлган мүлктүн толук тизмеси бул жерде.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке алынып келген.

Количество просмотров: 36