• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Матраимов муфтиятка жаңы имарат куруп береби?

30 Баш оона 2022 22:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Жибек Жолу көчөсүндө жайгашкан Имам Сарахси мечитине кошуна жер аянтына Кыргызстан Мусулмандарынын Диний Башкармалыгынын жаңы имараты курулат. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарыяланды.

Маалыматка караганда, демөөрчү “Исмаил-Ата” фондунун жетекчиси Раим Матраимов. Ал капсула коюу аземине КР мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир Кары Ракыев, ЖК депутаты Шайлообек Атазов, Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаров, аалымдар, дин кызматкерлери менен бирге катышкан.

«Имаратта Азирети муфтий, анын идарасынан сырткары Аалымдар кеңешинин кеңселери, отурум өткөрчү залдар, окуу залдар, китепканалар да жайгашат»,-деп жазылат маалыматта.

Муфтият бул тууралуу комментарий бере элек.

Количество просмотров: 105