• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жаңы административдик имарат. Нааразы жумушчулар. Туманбаевдин жообу

30 Баш оона 202412:55 Бишкек Govori.TV

Президенттик администрациянын жаңы курулган имаратында иштеген жумушчулар айлыктарын ала албай жатканын айтып чыгышты.

Анда иштеген 150 жумушчу эки айдан бери айлык акысын ала электигин айтып видео кайрылуу жасашкан. Кайрылуу блогер Эламан Карымшаковдун каналына жарыяланган. Жумушчулар “Deluxe Group” менен келишим түзүп иштешкенин билдиришкен.

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев алар тууралуу “Кабар” улуттук маалымат агенттигине төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди:

“Интернетте арызданган жумушчулар тууралуу видео кайрылууну мен дагы көрдүм. Биринчиден, жаңы Ак үйдүн курулушу боюнча мамлекет бардык төлөмдөрдү жүргүзүп бүткөн. Башкача айтканда, биздин эч кимге карызыбыз жок. Экинчиден, «Делюкс групп» деген субподрядчы компания тууралуу маселе көтөрүшүптүр. Мен бул компания тууралуу биринчи жолу угуп жатам. Андай компания менен иштешкен эмеспиз, тааныбайбыз дагы. Биз иштешкен компаниялар кандай субподрячы компаниялар менен иштегенин билбейбиз жана аларга тиешебиз жок”, — деди Каныбек Туманбаев.

Ал эми Deluxe Group компаниясынын өкүлү Абдымалик Эрмамат уулу жумушчулардын айлыгы 10-сентябрга чейин төлөнүп берилерин айтты.

Количество просмотров: 229