• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМК жаңы имаратка көчтү

31 Бугу 202519:57 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызмат жаңы имаратка көчүп жатканын айтты.

«Регион» каналынан берген маегинде Ташиев азыркы 1982-жылы курулган имарат тарыхый жай болгонун, жаңысы мындан бир канча эсе чоң экенин билдирди. Убагында өлкө башчылары камалган учурлар да болгонуна токтолуп, жаңы имаратта андай окуялар болбосуна үмүт кылды.

Ташиев эски имаратты эмне кылуу керектигин эми президент Садыр Жапаров чечерин белгиледи.

Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги УКМКнын жаңы административдик имаратын куруу 2023-жылы 29-майда башталган.

Количество просмотров: 281