• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Матраимов Саймаитинин өлтүрүлүшүнө байланыштуу кармалганы айтылды

18 Бирдин айы 2021 18:58 Бишкек Govori.TV

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media өздүк булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, ал Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшүнө байланыштуу кармалган.

Буга чейин айтылгандай, Матраимов УКМКга сурак берүүгө бүгүн, 18-февралда түштөн кийин барган. Ал 48 саатка камакка алынган.

Эске салсак, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 11-февралдагы отурумунда Райымбек Матраимов Жазык кодексинин “Коррупция” деген 319-беренесинин биринчи бөлүгү боюнча айыптуу деп табылып, жаза чарасы тергөө менен кызматташуу тууралуу келишимге ылайык 260 миң сомдук айыппул деп чегерилген.

Матраимов өзү сотто көрсөтмө берип жатып күнөөнү моюнуна аларын айткан.

УКМК Матраимовду 2020-жылдын 17-октябрында кармап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

Ошол эле күнү мекеме кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарып, муну мамлекетке келтирилген 2 миллиард сом чыгымды төлөп берүү жөнүндө убадасы менен негиздеген. Кийинчерээк Матраимов белгиленген сумманы төлөп бүткөнү жарыяланган.

Количество просмотров: 5070