• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Матраимов «шопурдун» партиясын каржылайбы?

4 Тогуздун айы 2019 18:33 Бишкек Govori.TV

2020-жылы боло турган Парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясы катуу даярдык көрүп жатканы айтылууда.

Бизге келип түшкөн маалымат боюнча, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин шопурунан президенттин кеңешчиси кызматына чейин жеткен Икрамжан Илмияновго таандык делген «Мекеним Кыргызстан» партиясын Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райым Матраимов жана анын үй бүлөсү каржылайт.

Маалымат булактын айтымында, азыркы учурда саясатчылар анын ичинен азыркы айрым депутаттар менен бул партия менен шайлоого баруу тууралуу тымызын сүйлөшүүлөр да болуп жаткан.

Мындан тышкары «Кыргызстан» партиясы бийликтин колдоосун тапканы тууралуу кептер айтылды. Себеби КСДП экиге бөлүнүп шайлоого жетээр-жетпеси бүдөмүк болууда.

Эске салсак, Икрамжан Илмияновго УКМК тарабынан «алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Количество просмотров: 414