• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Матраимов сотто көрсөтмө берип, күнөөнү моюнуна аларын айтты

11 Бирдин айы 2021 17:10 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 11-февралда Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун коррупцияга байланыштуу иши боюнча сот отуруму өтүп жатат.

Матраимов сотто көрсөтмө берип жатып күнөөнү моюнуна аларын айтты.

Айыпталуучу тергөө менен кызматташууга макул болгондуктан териштирүү жүргүзүлбөстөн дароо жарыш сөз башталары айтылды.

Прокуратуранын өкүлү Матраимов мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толугу бойдон толтурулганын, ага 260 миң сом өлчөмүндө айыппул төлөтүү түрүндө жаза чегерүүнү өтүндү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2020-жылдын 17-октябрында Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупция боюнча кылмыш ишин козгоп, анын алкагында 20-октябрда Райымбек Матраимовду кармаган. Ошол эле күнү мекеме кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарып, муну мамлекетке келтирилген 2 миллиард сом чыгымды төлөп берүү жөнүндө убадасы менен негиздеген. Кийинчерээк Матраимов белгиленген сумманы төлөп бүткөнү жарыяланган

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 140