• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Матраимов журналисттин сабалышы боюнча билдирүү таратты

9 Үчтүн айы 202017:17 Бишкек Govori.TV

Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировдун ур-токмокко алынышына байланыштуу депутат Искендер Матраимов фейсбуктагы өздүк баракчасына билдирүү жазды.

«Болот Темиров деген журналистке кол салуу болгонун окудум. Аны 3 жигит акмалап жүрүп, сабап кетишкени айтылууда. Бул азырынча анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуубу же башка себептер менен болгонбу ачыктала элек. Эгер, журналисттин сабалышы — анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болсо ал туура эмес жана демократиянын принциптерине көлөкө түшүрөт. Журналист гана эмес, жарандардын дагы сабалышы — мыйзамга каршы келген аракет. Тийешелүү органдар ыкчам иштеп, болгон мүмкүнчүлүктөр менен шектүүлөрдү таап, жазасын бериши зарыл. Журналист жигитке ден соолук каалайм. Батырак айыгып, калемин колуна алышына тилектешмин!» — деп билдирген  Матраимов.

Кошумчалай кетсек, Factсheck.kg өлкөдө тараган маалыматтардын чын-бышыгын тактоо максатында түзүлгөн портал. Анда коррупциялык схемалар боюнча бир нече иликтөө жарыяланган. Акыркы жолу чоң резонанс жараткан материалы — экс-бажычы Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын миллиондордун башын чапчыган кийимдери, зер буюмдары тууралуу болгон. Макала чыгары менен сайт хакердик чабуулга кабылган болчу.

Количество просмотров: 747